Евробирикме Кыргызстанга 3 миллион евро берди

Евробирикме Кыргызстанга 3 миллион евро берди. Каржы министрлигинен билдиришкендей, кайтарымсыз негизде берилген каражат санариптик трансформация тармагын колдоого жумшалат.

 

Алсак, Жогорку технологиялар паркынын иши жакшыртылып, Санарип-аймак системасы жайылтылып, өлкөнүн кибер-коопсуздугу камсыздалат. Андан тышкары, министрликтердин базалык тейлөөсүн өнүктүрүүгө каражат бөлүнөт.