Эртең, 12-январда футбол боюнча Азия Кубогу старт алат. Биздин курама турнирге катышуу үчүн Катарга барып, даярдык беттештерин өткөрдү. Кыргызстан F тайпасында Тайланд, Сауд Арабия жана Оман менен ойнойт.
Биринчи беттеш 16-январда Тайландка каршы өтөт. Белгилеп кетсек, бул биздин кураманын аталган континенталдык турнирге экинчи ирет катышуусу.