Быйыл жазгы талаа иштерине 42,5 мин тонна дизелдик отун талап кылынат.
Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө республикада солярканын орточо баасы литрине 71 сом 50 тыйынды түзүүдө.
Күйүүчү-майлоочу материалдын наркы кымбаттаганына байланыштуу жана мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү максатында өкмөт фермерлерге жеңилдиктерди берет. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу дыйкандар дизелди 63 сом 50 тыйындан алса болот.