ӨКМ жарандарды муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

 

Ведомстводон белгилешкендей, кар жаап, туман түшкөндө жана караңгыда муз тебүүгө чыкпоо зарыл. Сырттагы сууктун күчү катуу болгон учурда да тоңгон муз жука болуп, жарылып кетиши толук мүмкүн экени белгиленген. Бул адам өмүрүнө коркунуч туудурат.