Эмгек министрлиги жаштардын иш табуусуна кам көрөт

Ишсиз жүргөн 18ден 35ке чейинки курактагы жаштар стажировкадан өтүп, жумушка орношо алышат. Тажрыйба топтоо мөөнөтүнө акы төлөнөт. Маяна жашоо минимумунун деңгээлинде, болжол менен 7,7 миң сом деп эсептелди. Бул жаатта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Наргиза Туркебекова маалымат берди.

 

Кыргызстандын ар бир аймагынан үч миңге жакын адамдын адистиги  боюнча тажрыйба топтоосуна мүмкүнчүлүк берилет. Ал эми адистиги жок жарандар эмгек рыногу талап кылган кесиптер боюнча кыска мөөнөттүк курстардан окуп, жумушка орношо алышат. Пилоттук долбоордун мөөнөтү алты айга белгиленген. Эмгек рыногунда учурда жеңил өнөр жай, курулуш, тейлөө, IT тармактарында адистер жетишсиз болууда.

 

«Өлкө боюнча 20 миңге жакын адистиги жок жаштар катталган. Ал эми айрым жаштарда кесиптик, адистик билим бар, бирок тажрыйбасы жок болуп, ишсиз калып, көп көйгөйлөр жаралып жаткандыктан бул долбоорду иштеп чыктык. Биздин максат: жаштарды иш менен камсыз кылуу. Адистиги барларды иш берүүчүгө жөнөтөбүз, алар насаатчы бекитип берип, жумушка алышат».