Иорданиянын футбол боюнча курамасы сенсация жаратып Азия кубогунун финалына чыкты

DOHA, QATAR — FEBRUARY 06: Abdallah Nasib of Jordan and Son Heung-min of South Korea battle for possession during the AFC Asian Cup semi final match between Jordan and South Korea at Ahmad Bin Ali Stadium on February 06, 2024 in Doha, Qatar. (Photo by Lintao Zhang/Getty Images)

Иорданиянын футбол боюнча курамасы сенсация жаратып Азия кубогунун финалына чыкты. Жарым финалда команда Түштүк Корея курамасын 2:0 эсеби менен утуп алды.

 

Муну менен Иордания турнирдин фаворитин гана жеңбестен, азия биринчилигинде алгачкы жолу мындай жогорку жыйынтыкка ээ болууда. Иорданиялыктардын атаандашы Катар – Иран беттешинде аныкталат. Ал эми чемпионаттын башкы оюну 10-февралда өтөт.