Кыргызстанда жүк ташуу талаптарынын сакталышына рейд жүрүүдө

Кыргызстанда жүк ташуу талаптарынын сакталышына рейд жүрүүдө. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, ошондой эле жүргүнчү ташуу эрежелери, салмак-көлөмдүк нормалардын аткарылышы текшерилет.

 

Рейд Токмок шаарынан жана Кемин районунан башталды. Жыйынтыгында айдоочуларга ар кандай бузуулар үчүн 140 миң сомго айып салынды.

 

Ведомство айдоочуларды унааларын ашыра жүктөбөй жүрүүгө чакырат, бул өз кезегинде жолдордун бузулушуна алып келет.