“Социалдык келишим” долбооруна быйыл 20 миңдей үй-бүлө катышат

“Социалдык келишим” долбооруна быйыл 20 миңдей үй-бүлө катышат. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, программаны ишке ашырууга   2 миллиард сом каралды.

 

Эске салсак, долбоордун алкагында аз камсыздалган үй-бүлөлөр мамлекеттен 100 миң сомдон алат.

 

Бул каражатты алар чакан ишкерлик ачууга жумшайт. Катышуучулар “үй-бүлөгө көмөк” пособиесин алып жүргөндөрдүн арасынан тандалат.