Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат

Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу борбордун башчысы Алпбек Садыров билдирди. Анын айтымында, учурда ЖЭБдин жалпы активдүү кубаттуулугу 295 МВт түзүп, 9 отказан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат.

 

“Бишкекжылуулуктармактары” ишканага өндүрүп берилген суунун температурасы 63 градуска чейин жетүүдө. ЖЭБдин кубаттуулугунун төмөндөшүнүн себеби аба ырайынын жылыгандыгына байланыштуу, — деди Садыров.