Бишкекте көк бөрү боюнча райондор аралык чемпионат өтөт

Бишкектеги көк бөрү боюнча райондор аралык Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

 

Оюн 18-23-февраль күндөрү «Ак-Кула» ат майданында болот. Ага ар бир облустук аймактан бирден район катышат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Көк бөрү оюну боюнча райондор аралык чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясы тарабынан уюштурулууда.