Бишкекте муниципалдык инспекция түзүлдү

Бишкекте муниципалдык инспекция түзүлдү. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин иштеген ишинин 100 күндүк отчетунда айтылат. Анда министрлер кабинетинин чечими менен муниципалитетке абаны таза кармоо боюнча ыйгарым укуктар берилгени белгиленген.

 

Жаңы инспекция жашылдандыруу иштерин, санитардык нормаларды жана айлана-чөйрөнү коргоону көзөмөлдөйт.

 

Инспекторлор үчүн атайын форма тигилип, бюджеттен тышкаркы каражатка  11 кызматтык электромобиль сатып алынды.