Бишкекте Бириккен Араб Эмираттарынын элчилигин ачуу пландалууда

Бишкекте Бириккен Араб Эмираттарынын элчилигин ачуу пландалууда. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бул маселе Садыр Жапаров менен БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруинин жолугушуусунда талкууланды.

 

Тараптардын жолугушуусу Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында Дубайда өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүү, дипломатиялык, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча сөз болду.