Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду Кыргызстанга тез жардам унааларын сатып алууга каражат бөлүп берет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө грант түрүндө 3 миллион доллар алат.
Бул суммага 120 даана техника сатып алуу пландалууда. Белгилеп кетсек, бул Кыргызстанда ыкчам медициналык жардам системасын жакшыртууга чоң салым болот.