Кыргызстанда инвестиция тартуу боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлдү

Кыргызстанда инвестиция тартуу боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлдү. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Аталган эксперттик-жумушчу топтун курамына Президент администрациясынын, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле “Манас” эл аралык аэропортунун, “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын, Эл аралык ишкерлер кеңешинин өкүлдөрү кирет.