Кыргызстандык суучул Денис Петрашов дүйнөнүн мыкты суучулдарынын ондугуна кирди

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов дүйнөнүн мыкты суучулдарынын ондугуна кирди. Суудагы спорттун түрү боюнча Катарда өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионтта спортчу 200 метр аралыкты сүзүп өтүү боюнча жарышка катышты.

 

34 спортчунун ичинен Петрашов 2 мүнөт 12 секундда сүзүп келип, жарым финалга өткөн. Анда 2 мүнөт 10 секундда онунчу болуп келип, финалга жетпей калды.