Таластагы «Жеңиш» паркы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Манас районуна караштуу Покровка айылындагы “Жеңиш” паркын заманбап талаптарга шайкеш келтирүү иш-аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.   Малыматка караганда, паркты реконструкциялоо үчүн Манас районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан эскиздик долбоор иштелип чыкты.

Аба ырайына байланыштуу Бишкектеги мектептерде сабактар кыскартылат

Бишкектеги мектептерде сабактар кыскартылат. Муниципалитеттен билдиришкендей, тиешелүү буйрук өлкө аймагында күтүлүп жаткан суукка байланыштуу чыкты.   Ага ылайык, 19-февралга чейин биринчи нөөмөт эртең мененки саат 9да башталат, ал эми экинчи нөөмөт күндүзгү 4тө бүтүшү керек. Сабактар 30 мүнөткө гана созулат.   Бала бакчалар кадимки тартипте… Кененирээк…

ИИМ айдоочулук күбөлүк сатып алуу боюнча Интернеттеги жарыяларга ишенбөөгө чакырат

Ички иштер министрлиги айдоочулук күбөлүк сатып алуу боюнча Интернеттеги жарыяларга ишенбөөгө чакырат. Белгиленгендей, мындай документтер жасалма жана “Түндүк”, “Унаа” маалымат базасында жок.   Мындан тышкары, документтердин түп нускасында коргоо белгилери бар. Ал эми бланктары даярдалган «жасалма лицензия» боюнча чыныгы сериялар болсо да, натыйжа өзгөрбөйт. Тагыраагы… Кененирээк…

Жалал-Абадда аянты 8 гектар жерди ээлеген сейил бак курулат

Жалал-Абадда Кыргызстан менен Россиянын достук паркын куруу боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти.   Планга ылайык, сейил бак 8 гектардан ашуун аянтты түзүп, курулуш иштерине 170 млн рубль сарпталат.   Долбоордо коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтча, веложолдор, балдар аянтчалары, стол оюндары жана… Кененирээк…

«Тазалык» жумушчуларды ишке чакырат

«Тазалык» муниципалдык ишканасы өзүнүн жамаатына жооптуу кызматкерлерди чакырат. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, ишканага төмөнкү жумушчулар талап кылынат:   — Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары (1 жылдык тажрыйбасы); — Тазалагычтар.   Белгилеп кетсек, ишкананын көпчүлүк кызматкерлери эмгек акысын иштин жыйынтыгына жараша алышат.   Толук маалымат алуу үчүн Ала-Арча… Кененирээк…

Чүй облустук милициясына 20 кызматтык унаа тапшырылды

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгына 20 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Жаңы кызматтык унаалар укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү жана Чүй ОИИББдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, калкты тейлөөнүн сервистик сапатын жакшыртуу максатында Кемин, Чүй, Ысык-Ата,… Кененирээк…

ӨКМ кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына ылайык, 18-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жолдор тайгак болуп, муз тоңот.   Белгиленгендей, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чычкан капчыгайында, Өтмөк, Чапчыма, Долон, Кызыл-Бел, Чоң-Ашуу, Сөөк, Талдык ашуусунда, Красная Горка – Ак-Таш,… Кененирээк…

Аба ырайына байланыштуу мектептер кыскартылган график менен иштейт

Кыргызстанда күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу Билим берүү департаментине мектептерде окуунун кыскартылган графигине өтүү, бала бакчаларда ата-энелердин каалоосу боюнча балдарды калтыруу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Гидрометеорология кызматы бүгүн Кыргызстандын аймагында күн кескин сууктай турганын эскерткен. Мындай аба ырайы кыска мөөнөткө созулары… Кененирээк…

Ош шаарынын четиндеги жаңы конуштар өнүктүрүлөт

Ош шаарынын четиндеги жаңы конуштар өнүктүрүлөт. Бул багытта Швейцария элчилигинин колдоосу менен каржыланган «Аракет» долбоору ишке ашат.   Анын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шаар четинде жашаган жарандардын жашоо шартын жакшыртууга тиешелүү колдоолор көрсөтүлөт.   Белгиленгендей, долбоордун программасы 8 жылга эсептелген.

Бишкек ЖЭБиндеги жарылууда жараат алгандардын абалы жакшыра баштаганы кабарланды

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариядан жана тик учактын кулашынан жабыркап, Түркияда дарыланып жаткан төрт кыргызстандыктын абалы жакшыра баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.   Мекеме мындай билдирүүнү Адана мамлекеттик илимий ооруканасынын дарыгерлерине шилтеме берип маалымдады.   Ошондой эле Анталиядагы Башкы консулдуктун дипломаттары бейтаптарга… Кененирээк…