Нарында булгаары жана тыбытты кайра иштеткен ишкана ачуу пландалууда

Нарында булгаары жана тыбытты кайра иштеткен ишкана ачуу пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.   Мындан тышкары, жакын арада картошка сактоо, кездеме чыгаруу, сүт, мал этин жана тоок этин өндүрүү… Кененирээк…

ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 6 тепкич артка кетти

ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 6 тепкич артка кетти. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы эми 104-орунда турат.   Буга чейин “акшумкарлар” Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде 98-орунда болчу.   15-февралда жарыяланган тизменин сап башында Аргентине, Франция жана Англия турат.

Ишкерлерге пайызсыз кредит түрүндө 6 млрд сом берилди

Каржы министрлиги ишкерлерге пайызсыз кредит түрүндө 6,03 млрд сом (71,79 млн доллар) берди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин Кризиске каршы чаралар планынын алкагында Финансы министрлиги тарабынан «Микро, чакан жана орто ишканалар» долбоору ишке ашырылып жатат. Долбоордун жалпы суммасы… Кененирээк…

Бишкекте көк бөрү боюнча чемпионат өтөт

Бишкекте 17-февралдан 22-февралга чейин көк бөрү боюнча өлкөнүн райондорунун командалары арасында жыйынтыктоочу чемпионат өтөт. Көк-бөрү федерациясынан билдиришкендей, оюн “Ак-Кула” ат майданында саат 10:00дө башталат.   Чемпионатка төмөнкү командалар катышат: 1. Бишкек шаарынан Четинди; 2. Ош шаары; 3. Талас облусунан Талас району; 4. Чүй обоусунан Сокулук… Кененирээк…