Кыргызстанда 10 миңге жакын бала интернатта тарбияланат

Кыргызстандагы интернат тибиндеги социалдык мекемелерде 9 973 бала бар. Бул маалыматты эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова 16-февралда Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин жыйынында сүйлөп жатып айтты.

Анын сөзүнө караганда, өлкөдө балдардын 137 интернат тибиндеги социалдык мекемеси бар. Анын 69у мамлекеттик, 17си муниципалдык. 39 жеке жана 12 диний мекемелерде да балдар багылат. Балдардын 5% гана ата-энеси жок.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда акыркы 10 жыл ичинде балдардын интернаттык мекемелеринин саны 117ден 137ге жетти.

Министрлик турмуштук оор кырдаалда турган балдарды аныктоо үчүн аймактык башкармалыктар тарабынан туруктуу мониторинг жүргүзүп турат. Натыйжада былтыр Кыргызстанда 88 миңден ашуун баланын ата-энеси миграцияда жүргөнү аныкталган. Анын ичинен 701 бала соттун чечими менен мамлекеттин камкордугуна алынган. 530 балага убактылуу камкордук берилген. Жүздөн ашуун бала реабилитациялык борборлорго, интернаттарга жана фостердик үй-бүлөлөргө жайгаштырылган.

Кыргызстанда ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын зордук-зомбулукка кабылып, өлүм менен аяктаган окуялары катталган.

Мигранттардын балдарынын кейиштүү тагдыры, алар туш болгон зордук-зомбулук окуяларынан улам кыргыз өкмөтү «Мигранттын баласы» деген аталышта атайын программа иштеп чыккан. Анын негизинде жергиликтүү социалдык кызмат көрсөтүү башкармалыктарында мигранттардын балдары каттоого алынып, жергиликтүү бийликке, айыл өкмөттөргө жана мектептердеги социалдык педагогдорго алар менен тыгыз иштешүү милдети тапшырылган.

Министрлик эмгек мигранттарынын балдарынын укугун коргоо максатында үймө-үй текшерүү жүргүзүп, натыйжада дээрлик 5,5 миң бала эч кандай туугандык байланышы жок адамдардын колунда жашап жатканы аныкталганын былтыр билдирген. Мекеменин маалыматында, бул көрсөткүч 2021-жылы 1,5 миңди түзгөн.

Расмий маалымат боюнча Орусияда 500 миңге чукул кыргызстандык эмгек миграциясында жүрөт.