Аймактардагы мектептер суукка байланыштуу сабактарды кыскартуу боюнча чечимди өз алдынча кабыл алат.
Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Чечимди мектеп жетекчилиги имараттагы температурага карап кабыл алышы керек.
Эске салсак, Бишкекте бүгүн жана 19-20-февралда окуу кыскартылып, сабактар 30 мүнөттөн өткөрүлөт.