ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 6 тепкич артка кетти. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы эми 104-орунда турат.
Буга чейин “акшумкарлар” Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде 98-орунда болчу.
15-февралда жарыяланган тизменин сап башында Аргентине, Франция жана Англия турат.