Бишкекте көк бөрү боюнча чемпионат өтөт

Бишкекте 17-февралдан 22-февралга чейин көк бөрү боюнча өлкөнүн райондорунун командалары арасында жыйынтыктоочу чемпионат өтөт. Көк-бөрү федерациясынан билдиришкендей, оюн “Ак-Кула” ат майданында саат 10:00дө башталат.

 

Чемпионатка төмөнкү командалар катышат:
1. Бишкек шаарынан Четинди;
2. Ош шаары;
3. Талас облусунан Талас району;
4. Чүй обоусунан Сокулук району;
5. Нарын облусунан Ак-Талаа району;
6. Ысык-Көлдөн Ак-Суу району;
7. Ош облусунан Кара-Кулжа району;
8. Жалал-Абаддан Сузак району;
9. Баткен облусунан Лейлек району.