Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең мененки саат 10дон кечки 6га чейин Жайыл Баатыр — Арча-Бешик – Куюкова – Муромский – Ахунбаев – Садырбаев көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу берүү токтотулат.

 

Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу. Калк жана мекеме-уюмдар ичүүчү сууну эртелеп камдап алышы зарыл.