Талас районунда бир нече чакан ГЭС курулат

Талас районунда бир нече чакан ГЭС курулат. Бул тууралуу Novosti.kgге жергиликтүү акимчиликтен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Бекмолдо айыл аймагында кубаттуулугу 18 мегаватты түзгөн гидроэлектрстанция салынат. Жерге-Тал айыл аймагына курула турган чакан ГЭС 5 мегаватты түзөт.

 

Ал эми Көк-Ой айылында 125 мегаваттык күн электр станциясы пайда болот.

 

Объекттердин курулуш иштери эки жылдын ичинде аяктайт. Каражат ички жана тышкы инвесторлор тарабынан бөлүнөт.