Чүй облусунда эки жаңы бала бакча ачылды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүүчү жайлар Маловодное жана Төрт-Көл айылдарында жайгашкан.
Имараттарда бөбөктөр үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Белгилеп кетсек, 2023-жылы Чүй облусунда жалпысынан жети бала бакча ачылган.