Кыргызстанда 160тан ашык маалымкатты “Түндүк” электрондук системасынан алса болот

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 160тан ашык маалымкатты “Түндүк” электрондук системасы аркылуу алса болот. Тиркемени учурда 1,5 миллионго жакын жаран колдонуп жатат. Анын артыкчылыктары тууралуу Novosti.kgге Президенттин Администрациясынын санарип өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев айтып берди.

 

“Азыр бүт мамлекеттик кызматтарды онлайн форматка өткөрүп жатабыз. Анткени ЦОНдорго эл азыраак келе башташы керек. Алдыдагы 2-3 жылда ЦОНдорду азайтышыбыз керек. Биздин жарандардын каттоо кызматтарына келгени бюрократиянын көрөткүчү деп эсептесек болот. Ошон үчүн биз маалыматтарды “Түндүккө” байлап жатабыз. Анан жеке маалыматтар мамлекеттик системада сакталат. Алар эл аралык киберкоопсуздук талаптарына жооп берет. Биздин жарандар коркпой эле койсо болот”.

 

Ошол эле учурда, “Түндүк” тиркемесин көчүргөндөр телефондоруна сак болушу керектиги белгиленди.