Бишкек ЖЭБинде кубаттуулук дагы көбөйтүлдү

Бишкек ЖЭБинде кубаттуулук дагы көбөйтүлдү. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда Жылуулук электр борбору 300 МВт жүктөмдү активдүү көтөрүп жатат.

 

Маалыматка ылайык, сырттагы абанын температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу «Бишкекжылуулуктармагына» берилген ысык суунун температурасы орто эсеп менен +60 градусту түзүүдө.

 

Белгилеп кетсек, суук түшкөндөн бери шаар тургундарынан көптөгөн арыз-даттануулар түшүүдө. Айрым үйлөрдө батареялар муздак болуп, ысык суу жок экени кабарланган.