Кыргызстанда электрондук кол тамга паспорттон да маанилүү документке айланат

Жакынкы жылдары Кыргызстанда электрондук кол тамга паспорттон да маанилүү документке айланат. Бул тууралуу Novosti.kgге Президенттин Администрациясынын санарип өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев билдирди.   «Биз азыр бүт маалыматтык системаларда жарандарга абдан көп доступтарды ачып берип жатабыз. Анын баарын булуттук электрондук кол тамга аркылуу аласыңар. Ошондуктан,… Кененирээк…

Нусрет Гёкче Бишкек “Тазалыктын” чыгармачылыгын жогору баалады

Белгилүү түрк ашпозчусу Нусрет Гёкче Бишкек “Тазалыктын” чыгармачылыгын жогору баалап, атайын техникадагы өзүнүн сүрөтү чапталган видеону Instagram баракчасына бөлүштү.   Ал катталуучулардан унаа жүрүп бара жаткан локацияны сурап билдирүү калтырган.   Эске салсак, “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери 2020-жылы компаниянын жол тазалаган унаасын популярдуу ашпозчунун портрети менен… Кененирээк…

Кыргызстанда Эмгек кодексинин жаңы долбоору иштелип чыкты

Кыргызстанда Эмгек кодексинин жаңы долбоору иштелип чыкты. Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсаловдун айтымында, иш мамлекеттик органдардын, Профсоюздар федерациясынын мурдагы курамынын, Эл аралык эмгек уюмунун жана иш берүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлдү.   Эксперттер тарабынан ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзүлүп, кайталанган беренелер боюнча талдоо… Кененирээк…

Кыргызстандык жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында экинчи алтын медалын жеңип алды

Кыргызстандык жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында экинчи алтын медалын жеңип алды. Турнир ушул күндөрү Тегеран шаарында өтүүдө. Кеңешбеков 3 миң метр аралыкты 8 мүнөт 8 секундда чуркап өтүп,  Азиянын эки жолку чемпиону аталды.   Белгилеп кетсек, чемпионат бүгүн  жыйынтыкталат. Ага Кыргызстандан… Кененирээк…

Бишкекте Батыш автобекетин ушул жылдын үчүнчү кварталында көчүрүү пландалууда

Бишкекте Батыш автобекетин ушул жылдын үчүнчү кварталында көчүрүү пландалууда. Бул тууралуу 24 агенттигине Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин начальниги Уланбек Бейшенбаев билдирди.   Ал белгилегендей, долбоорго ылайык, жаңы автобекетке эл аралык, шаар аралык жана облустук маршруттук таксилер каттайт.   Вокзал Достук айылынын батыш тарабында… Кененирээк…

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек – Ош, Суусамыр – Талас – Тараз, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш, Бишкек-Нарын-Торугарт, Казарман-Ак-Тал-Чат унаа жолдорунда, ошондой эле ашууларда кар көчкү түшүп, жолдор тайгак болушу… Кененирээк…

Кыргызстанда багбанчылыкты өнүктүрүүнүн программасы иштелип чыкты

Кыргызстанда багбанчылыкты өнүктүрүүнүн программасы иштелип чыкты. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги  2024-28-жылдарга карата программасын коомдук талкууга чыгарды.   Ага ылайык, аталган жылдар аралыгында өлкө аймагында 5 мамлекеттик питомник, багбанчылыкка адистешкен 25 кооператив, 14 кластер түзүлүп, 2 соода логистикалык борбор курулат.… Кененирээк…

Бишкектин четиндеги калктуу түйүндөрдөн каттаган маршруттук линияларды шаар ичине киргизбей токтотуу суроосу каралып жатат

Бишкектин четиндеги калктуу түйүндөрдөн каттаган маршруттук линияларды шаар ичине киргизбей токтотуу суроосу каралып жатат.   Бул тууралуу 24 агеттигине транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин начальниги Уланбек Бейшенбаев билдирди.   Ал түшүндүргөндөй, Бишкектин четинен келген жүргүнчүлөр жолдон түшүп калып, ордо калаанын ички автобустарына отургандай шарт… Кененирээк…

WhatsApp мессенджерде кезектеги жаңылануу

WhatsApp мессенджерде кезектеги жаңылануу. “БетаИнфо” жазгандай, эми колдонуучулар жашыруун чаттардын ар бирине кошумча код орното алат. Муну менен тиркеме жеке баарлашууларга кошумча коргоо деңгээлин киргизүүдө.   Жаңы функция кийинки жаңыланууда жеткиликтүү болот. Учурда инженерлер аны сынап жатат.

Жалал-Абад облусунда “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирет

Жалал-Абад облусунда “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирет. Бул максатта аталган аймакты өнүктүрүү фонду 20 миллион сом бөлүп берди.   “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” форумунда айтылгандай, ошондой эле программаны ишке киргизүүгө жергиликтүү бийлик колдоо көрсөтүүдө.   Эске салсак, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында калаанын көчө кесилиштери… Кененирээк…