Быйыл Кыргызстанда «Санарип сом» системасы ишке ашат. Бул технология финансылык кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу процесстерди бир кыйла жөнөкөйлөтөрүн Президенттин Администрациясынын санарип өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев төмөнкүчө түшүндүрдү:
“Бул биткоинге окшош десек болот. Бирок мамлекеттин признаниеси бар. Ошол акчаны телефондо сактаса болот. Бирок жер же унаа сатып алса болбойт. Ал үчүн аны кадимки акчага айландыруу керек. Санарип сом – санариптик акчаны колдонууга жол ачып берет.”
Санарип сом – бул Кыргызстандын улуттук валютасынын кошумча санариптик формасы катары эсептелет.