Кыргызстанда жасалма интеллект медицинада колдонула баштайт

Кыргызстанда жасалма интеллект медицинада колдонула баштайт. Алсак, компьютердик томографиянын анализдерин анын жардамы аркылуу билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

 

Ошондой эле өлкөдөгү бардык мыйзамдар жасалма интеллектке жүктөлүп, жарандарга робот юрист консультация берет. Мунун баары кыргыз тилинде болот, — деп билдирди Президенттин Администрациясынын санарип өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев Novosti.kgге:

 

“Жасалма интеллекти кыргыз тилинде сүйлөтүү биз үчүн приоритет. Учурда мамлекет тарабынан “супер компьютер” сатылып алынган. Жергиликтүү айти компаниялар кыргыз тилинде сүйлөй турган жасалма интеллект жасап чыгышты.”

 

Мындан тышкары, учурда ChatGPTнин аналогу кыргызча жасалууда, — деди Буржуев.