Оң рулдуу унааны такси катары айдоого тыюу салган токтом талкууга чыкты

Кыргызстанда оң рулдуу унааларда такси кызматын көрсөтүүгө, жүк ташууга тыюу салган токтом талкууга чыкты. Министрлер кабинети бул кырсыктардын алдын алуу жана көзөмөлдөө максатында кабыл алынган чара экенин белгиледи.

 

ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 17 миңдей машиненин ээси жүргүнчү ташыйт. Анын тең жарымы оң рулдуу унаалар.