Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү өткөн жылы 15,5 миллиард долларга өстү

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү өткөн жылы 15,5 миллиард долларга өстү.   Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.   Бул 2022-жылдын ушул мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 30 пайызга көп. ЕАЭБ мамлекеттери менен эки тараптуу соода жөнүндө айта турган болсок, анын көрсөткүчү 4 миллиард доллардан ашты. Басымдуусу… Кененирээк…

Кыргызстандын түштүгүндө эки ирет жер титиреди

Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди. Маалыматка ылайык, жер титирөө 15:59да Кыргызстандын аймагында Бор-Дөбө айылынан түштүк-батышка карай 8 км аралыкта катталып, анын күчү 3 баллга жеткен.   Ошондой эле 10:28де кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Сейсмологдордун… Кененирээк…

Эмгек министрлиги жумушсуз жаштар үчүн жаңы механизм ишке киргизет

Эмгек министрлиги жумушсуз жаштар үчүн жаңы механизм ишке киргизет. Анын алкагында каалоочулар стажировкадан өтүп, жашоо минимумуна теңелген айлык алса болот.   Мындай практика иш жүзүндө кесиптик билимди жакшыртып, тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк берет. Андан тышкары, жаштар зарыл болгон учурда эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон адистиктер боюнча… Кененирээк…

Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, каттам жабылды

Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, каттам жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кар массасы жолдун  82-112-чакырымдарына түшкөн.   Жеринде катуу бороон болуп, көрүү начар болгондугуна байланыштуу тазалоо иштери убактылуу токтотулду. Каракол – Эңилчек унаа жолу учурда жабык. Айдоочуларга аталган каттам менен сапарга чыкпай… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБинде кубаттуулук жогорулатылды

Бишкек ЖЭБинде кубаттуулук жогорулатылды.  Буга чейин объект өндүргөн кубаттуулук 277 мегаватт болсо, кечээ кечинде 280 мегаваттка көбөйтүлдү. ЖЭБ кадимки тартипте иштеп жатат, — дешти жылуулук-энерго борбордон.   Белгилеп кетсек, суук түшкөндөн бери шаар тургундарынан көптөгөн арыздар жана даттануулар жарыяланууда.   Айрым үйлөрдө батареялар муздак болуп,… Кененирээк…

ПСЖнын форварды Килиан Мбаппе мадриддик “Реал” менен 5 жылдык келишимге кол койду

ПСЖнын форварды Килиан Мбаппе мадриддик “Реал” менен 5 жылдык келишимге кол койду. Франция курамасынын башкы жылдызынын Пари Сен Жермен менен кызматташуусу келе жаткан жайда аяктайт.   Жаңы келишимге ылайык, Мбаппе 1-июлдан тарта жаңы команданын курамына кирет.   Белгилеп кетсек, Килиан Мбаппе ПСЖ үчүн 2018-жылдан бери… Кененирээк…

Түркия визасыз режим менен өлкөгө киргендерге, анын ичинде кыргызстандыктарга дагы мыйзамды өзгөртүүдө

Түркия визасыз режим менен өлкөгө киргендерге, анын ичинде кыргызстандыктарга дагы мыйзамды өзгөртүүдө. Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаевдин айтымында, мурда 90 күндөн кийин иш таап, ошол жерден билим берүү, иш же медицина визасы деп узартканга мүмкүн болчу.   Эми андай мүмкүнчүлүк болбойт. Туристтик виза бүтөрү менен, тагыраагы,… Кененирээк…