Кагаз маалымкаттар, иш кагаздары толук жоюлат

Кагаз маалымкаттар, иш кагаздары толук жоюлуп, бардык иш электрондук форматка өтөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

 

Министр Нурия Кутнаева ишти электрондук форматка өткөрүү боюнча мекемелер аралык кеңешме өткөрүп, демилгеленип жаткан өзгөртүүлөр жарандардын жашоосун жеңилдетүүгө, мамлекеттик кызматтардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганын белгиледи.

 

Маалым болгондой, 2024-жылдын башынан тарта мамлекеттик органдардын арасында суралган маалымкаттар кыскартылган.

Калкты тейлөө борборлорунда ар кандай түзүмдөр талап кылган маалымкаттарды алуу үчүн кайрылгандар кыйла азайган.