Кыргызстанда акысыз юридикалык жардам алгандардын саны өсүүдө

Өлкөдө мамлекет кепилдеген юридикалык жардам алган жарандар көбөйүүдө. Юстиция министрлигинин Юридикалык жардам кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылы акысыз юридикалык жардамды өлкө боюнча 60 миңден ашык жаран алган. Ал эми 2023-жылы бул көрсөткүч 90 миңден ашык адамды түздү.

 

Аталган кызмат өлкөдө жарандардын укуктук сабатын арттырып жатканы, кайрылгандар көбөйө баштаганы айтылды. Мекемеге көбүнчө социалдык, үй-бүлөлүк, жер жана башка маселелер боюнча жардам сурап кайрылышат. Мындан тышкары кызмат элдин укуктук сабатын арттыруу максатында бир топ акцияларды да өткөрүп келет.