Британиялык миллиардер Джим Рэтклифф “Манчестер Юнайтед” клубунун кошумча ээси болду

Британиялык миллиардер Джим Рэтклифф “Манчестер Юнайтед” клубунун кошумча ээси болду. Жалпы суммасы 1,5 миллиард долларга жеткен келишимди Футбол ассоциациясы жана Англиянын премьер-лигасы жактырды.

 

Рэтклифф клубга 200 миллион доллар инвестиция салганы белгилүү болду.

 

Жыл аягына чейин ал дагы 100 миллион салат. Каражат клубдун стадионун жакшыртууга багытталат. Белгилеп кетсек, буга чейин “Манчестер Юнайтед” клубуна ээлик америкалык миллиардерлер Глэйзер бир туугандарына таандык болчу.