Башталгыч класстарды жалаң кыргыз тилинде окутуу сунушталды

Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев парламенттин 21-февралдагы жыйынында башталгыч класстардын окуучуларын жалаң мамлекеттик тилде окутууну сунуштады. Анын пикиринде окуучулардын ушул курагында тили калыптанат.

 

Коңшу Казакстанда да башталгыч класстардагы окутуу бир гана казак тилинде жүргүзүлөрүн мисал келтирди.

 

«Мамлекеттик тилге болгон мамиле биз мыйзам кабыл алгандан кийин түп-тамырынан өзгөрүшү керек. Мурдагыдай улам этап-этабы менен деген нерсе токтошу керек. Ушинтип жүрүп, 35 жылда мамлекеттик тил өнүккөн жок. Тилди өнүктүрөбүз десек бала бакча, башталгыч класстардан башташыбыз керек», — деди парламенттин төрагасы.

 

Нурланбек Шакиев бардык мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин билиши керек деп эсептейт. Анын маалыматына караганда, өткөн аптада спикердин фондунун эсебинен Кыргызтест мекемесине, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга материалдык жардам көрсөтүлдү.