Ысык-Көлдө манасчылар паркы курулат

Ысык-Көлдө манасчылар паркы курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

 

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылынын батыш тарабынан жер бөлүндү.

 

Парк манас айтууга, улуттук майрамдарды өткөрүүгө жана көргөзмөлөрдү уюштурууга ылайыкташат. Андан тышкары сейил бак катары дагы пайдаланылып, манасчылардын айкелдик композициялары орнотулат.