Коюу тумандан улам Стамбул-Ош, Москва-Ош каттамындагы эки учак «Ош» аэропортуна коно алган жок. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аба ырайы Ош-Жуковский жана Ош-Санкт-Петербург каттамдарындагы учактардын «Ош» аба майданынан учуп чыгуусуна да тоскоолдук кылууда.
Каттамдар качан жанданары азырынча белгисиз.