Кыргызстандык балбандар Өзбекстанда өткөн эл аралык мелдеште байгелүү кайтты

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ташкент шаарында өткөн «Uzbek botirlari Grand Prix» Эл аралык мелдешинде төрт медаль жеңди. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, анын ичинен бирөө күмүш жана үчөө коло медаль.

 

Тагыраагы, 60 кг чейинки салмакта катышкан Акыл Сулайманов күмүш медалга ээ болду. Эрмек Каныбек уулу (67 кг), Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) жана Нурмамат Раймалы уулу (97 кг) 3-орунду ээлешти.

 

Курама команда мелдешке улук машыктыруучу Арсен Эралиевдин жетекчилиги алдында катышты.