Ошто туман тарап, авиакаттамдар жанданды. «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, учурда «Ош» аба майданы кадимки тартипте иштеп жатат.
Эске салсак, буга чейин коюу туманга байланыштуу Стамбул-Ош, Москва-Ош каттамындагы эки учак “Манас” аэропортуна келип конгон. Аба ырайы Ош-Жуковский жана Ош-Санкт-Петербург каттамдарындагы учактардын «Ош» аба майданынан учуп чыгуусуна да тоскоолдук кылган.