1-июлдан тарта патенттин негизинде соода жүргүзүү токтотулат

Кыргызстанда 1-июлдан тарта патенттин негизинде соода жүргүзүү токтотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, ишкерлер салык салуунун башка ылайыктуу режимдерине өтүшү керек. Тактап айтканда, соодагерлер жалпы салык режимин же бирдиктүү салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын тандай алышат.

 

Ошондой эле базарлар жана кичи базарлар үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы кирешелер акыркы 12 айда 100 млн сомдон ашпаса 0,1%ды түзөт. Ал эми стратегиялык объекттерге кирген соода жайлары өзгөчө салык режимине өтүүгө милдеттүү.