Ордо калаада темир жолдун үстүнөн өтмөк куруу үчүн 100дөн ашык гараж алынды

Бишкек шаарынын Бакаев көчөсүн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин узартып, темир жолду кесип өткөн эстакадалык өтмөк куруу үчүн 108 гараж алынып жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

 

Эске салсак, мэрия темир жолду кесип өткөн жол куруу планын буга чейин жарыялаган. Долбоор ишке ашса Фучик көчөсү Лев Толстой көчөсүнө чейин узарат. Бакаев көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнө чейин созулат.

 

Бул Жаш гвардия бульвары жана Асаналиев көчөлөрүндөгү тыгындарды бир топ жеңилдетет деп күтүлүүдө.