Түркияда дарыланып жаткан кыргызстандыктардын абалы туруктуу

Бишкек ЖЭБиндеги аварияда жана аскердик тик учак кырсыгында жабыркап, Түркияда дарыланып жаткан кыргызстандыктардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, күйүк алган эки бейтап айыгуу стадиясында. Жакын арадагы пластикалык операциядан кийин аларды реанимациядан жалпы палатага которуу пландалууда.

 

Ал эми учак кулаганда жаракат алган эки жаран пландуу операциялардан кийин травматология бөлүмүндө жатышат. Дарыгерлер тиешелүү дарылоону улантууда.