Кыргызстанда 1-марттан тарта кыймылсыз мүлктү каттоонун инновациялык онлайн кызматы ишке кирет

Кыргызстанда 1-марттан тарта кыймылсыз мүлктү каттоонун инновациялык онлайн кызматы ишке кирет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарыялады.

 

Анын айтымында, “Түндүк” платформасынын жардамы менен батир сатуу жана сатып алуу процедурасы онлайн форматта жасалат. Бул үчүн жарандардын биометрикалык идентификациясы эле талап кылынып, ал эми документтер автоматтык түрдө толтурулат.