Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов кызматтан кетти. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койгону маалым болду.
Азамат Исраилов бул кызматта 2019-жылдан бери иштеп келаткан.
Айрым массалык маалымат каражаттары анын ордуна Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробеков дайындалганын жазышууда.