Чүй облусунда жер титиреди

Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 28-февралда саат 19:15те орун алып, очогу Предтеченка айылынан 2 чакырым түштүктө, Кара-Балта шаарынан 22 чакырым түндүк чыгышта, Бишкек шаарынан 45 чакырым түндүк батышта жайгашкан.

 

Жердин силкинүүсүү Чүй облусунун Москва районунун Предтеченка, Сретенка, Кош-Дөбө жана Петровка айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

 

Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.