Бишкек ЖЭБи жана “Бишкек жылуулук тармагы” Каржы министрлигине өткөрүлөт

Бишкек ЖЭБи жана “Бишкек жылуулук тармагы” Каржы министрлигине өткөрүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирди.

 

Маалыматка ылайык, мындай чечим убактылуу болот, кийин мамлекеттик ишкана түзүлөт. Демилге “Электр станциялары” жана “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ачык акционердик коомдорунун каржылык абалын жакшыртуу максатын көздөйт.

 

Бишкек жылуулук электр борбору жана “Бишкек жылуулук тармагы” учурда “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун филиалдары болуп саналат.