Саламаттыкты сактоо системасын каржылоо механизмдери реформаланат

Президент Садыр Жапаров «Саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдерин реформалоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.   Анда айтылгандай, элге көрсөтүлүп жаткан медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты боюнча системалуу көйгөйлөр бар экени, мунун негизги себептери катары материалдык-техникалык жактан жетишсиз камсыз кылуу, республикалык бюджеттен… Кененирээк…

Баткен шайлоо округунан депутатыкка талапкер болууга эки киши арыз берди

№2 Баткен шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга эки киши арыз берди.   Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстандын чек ара коомунун жетекчиси Алимберди Бегматов, «Геопарк Мадыген» коомдук фондунун жетекчиси Кенеш Салихов депутатыкка талапкер болуу үчүн арыз берди.   №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча да… Кененирээк…

ОшМУнун медициналык клиникасында боор, бөйрөккө операциялар жасалат

Ош Мамлекеттик университетинин (ОшМУ) медициналык клиникасында боор, бөйрөккө операциялар жасалат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун аталган окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында Түркиянын Малатия шаарынан иш сапары менен келген İnönü (Инөнү) университетинин өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда айтылды.   Жолугушууда профессор Ахмет Кызылай —… Кененирээк…

Кыргызстанда алгачкы заманбап балет труппасы түзүлөт

Кыргызстанда алгачкы жолу 40 бийчиден турган классикалык балет жана заманбап бий элементтерин камтыган заманбап балет труппасы түзүлөт. Маданият министрлигинен билдиришкендей, классика жана заманбап бийи синтездешкен балет труппасына 18ден 25 жашка чейинки улан-кыздар кастинг жолу менен кабыл алынат. Кастинге катышууда жарандык чектелбейт.   Кастинг 2024-жылдын 3-4-апрель… Кененирээк…

Кыргызстанда сасык тумоо боюнча абал туруктуу

Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо боюнча абал туруктуу. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 4-марттан 10-мартка чейин өлкөдө 4,5 миңден бир аз ашык учур катталган. Бул мурунку жумага салыштырмалуу 30 пайыздан ашыкка аз.   Ооругандардын көбү 14 жашка чейинки балдар. Эпидемиологиялык абалга мониторинг… Кененирээк…

Кыргызстанда бала бакчаларда ваучердик каржылоо киргизилет

Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта бала бакчаларда ваучердик каржылоо киргизилет. Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдиргендей, пилоттук режимдин алкагында өкмөт мектепке чейинки билим берүүнү мамлекеттик эле эмес, жеке менчик бала бакчаларда да каржылайт.   Ваучердик каржылоо системасына ылайык ар бир окуучуга кеткен минималдык же базалык чыгымдар эсептелип,… Кененирээк…

Быйыл социалдык төлөмдөр үчүн мамлекеттен дээрлик 63 млрд сом каралды

Быйыл социалдык төлөмдөр үчүн мамлекеттен дээрлик 63 млрд сом каралды. Каржы министрлигинен билдиришкендей, бул каражат жумушсуздук, оору, майыптык, багуучусун жоготкон үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөк пул, пенсионерлердин пенсиясынан тарта акысыз билим берүүгө чейин сарпталат.   Белгиленгендей, быйылкы чыгаша былтыркыдан дээрлик эки эсеге көп. Сумманын өсүшү пенсиянын базалык… Кененирээк…

Эмгек министринин эки орун басары кызматтан бошотулду

Нурдөөлөт Базарбаев менен Жаңыл Алыбаева эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары кызматынан бошотулушту. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.   Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Базарбаев эмгек министринин биринчи орун басары кызматына 2023-жылдын сентябрында дайындалган. Ал эми Алыбаева 2018-жылдан бери… Кененирээк…

Эрназар Акматалиев Түркиядагы мелдеште алтын утту

Эрназар Акматалиев Түркиядагы мелдеште алтын утту. Ал финалда монголиялык балбан Тулга Очир Тумурду туше менен жеңди.   Буга чейин эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Бекзат Алмаз уулу менен Улукбек Жолдошбеков да алтын тагынышкан. Ушул эле эл аралык мелдештен грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, кыз-келиндер… Кененирээк…

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин Анкара – Горький көчөсү, Аламүдүн суусу, темир жол менен чектешкен аймакта жана Октябрь көчөсүндө ичүүчү суу берүү токтотулат.   Мындай чектөө оңдоо иштерине байланыштуу.