Баткен шайлоо округунан депутатыкка талапкер болууга эки киши арыз берди

№2 Баткен шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга эки киши арыз берди.

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстандын чек ара коомунун жетекчиси Алимберди Бегматов, «Геопарк Мадыген» коомдук фондунун жетекчиси Кенеш Салихов депутатыкка талапкер болуу үчүн арыз берди.

 

№9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча да эки жаран депутат болууга талапкерлигин көрсөткөн — пенсионер Бакир Бакытбек, ишкер Ганишер Бадалов.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалган. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 26-мартта аяктайт.

 

Борбордук шайлоо комиссиясы 22-февралдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов жана Нурлан Ражабалиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.