Ноокатта 4 миңден ашык адам иштей турган соода-логистикалык борбор курулат

Ноокатта 4 миңден ашык адам иштей турган соода-логистикалык борбор курулат. Бул боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине кол коюлганын жергиликтүү бийликтен билдиришти.   Долбоор соода жана оюн-зоок комплексин, тамак-аш жана азык-түлүк эмес товарларды чекене жана дүңүнөн сатуу үчүн соода жайын, кайра иштетүүчү цехтерди, кампаларды жана унаа токтотуучу… Кененирээк…

Таластагы аэропорттун курулушу толугу менен аяктады

Таластагы аэропорттун курулушу толугу менен аяктады. Novosti.kgге “Манас” эл аралык аба майданынан билдиришкендей, жарандык авиация агенттиги сертификат берсе эле аба майдан ачылат.   Ички каттамдарга ылайыкталган аэропорт саатына 100 жүргүнчүнү өткөрүүгө чакталып салынды. Курулуш иштерине “Манас” аэропортунун өз каражаты жумшалган..   Деңиз деңгээлинен 1 миң… Кененирээк…

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына ылайык, 13-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору.   Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Мындан улам, унаалар ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.

Энергетика министрлиги Кыргызстанда жарыкты өчүрүү токтотулганын билдирди

Энергетика министрлиги Кыргызстанда жарыкты өчүрүү токтотулганын билдирди. Маалыматка ылайык, аба ырайы ысып, электр энергиясын керектөө кыйла азайгандыктан, жөнгө салуу иш-чаралары жыйынтыкталды.   Ушул айдын башында өлкөдө эки негизги ГЭСти реконструкциялоого байланыштуу электр энергиясына чектөө киргизилген.   Белгиленгендей, учурда Токтогул суу сактагычында 7,5 млрд метр кубдан бир… Кененирээк…

Түркиядагы эл аралык турнирде кыргызстандык дагы эки балбан алтын утту

Түркияда өтүп жаткан күрөш боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык дагы эки балбан алтын утту. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиршкендей, эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу жана Улукбек Жолдошбеков жеңүүчү болду.   Буга чейин балбандар Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы алтын медаль тагынышкан. Анталья… Кененирээк…

Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталды

Бишкекте хоккей боюнча үчүнчү дивизиондун “А” тайпасынын дүйнө чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.   Биринчиликте алты өлкөнүн — Кыргызстан, Мексика, Түштүк Африка Республикасы, Люксембург, Түркмөнстан жана Таиланддын командалары күч сынашып жатат. Беттештер “Бишкек Арена” шаардык муз тебүүчү… Кененирээк…