Эрназар Акматалиев Түркиядагы мелдеште алтын утту

Эрназар Акматалиев Түркиядагы мелдеште алтын утту. Ал финалда монголиялык балбан Тулга Очир Тумурду туше менен жеңди.

 

Буга чейин эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Бекзат Алмаз уулу менен Улукбек Жолдошбеков да алтын тагынышкан. Ушул эле эл аралык мелдештен грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы да алтын медаль алышкан.

 

Анталья шаарында уюштурулган турнирге 25 өлкөдөн 600дөн ашуун спортчу катышты.